Биз социалдык тармакта

Гүлжигит Аалиев: "Коронавирус менен ооруп кайрылгандардын саны көп болууда"

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына COVID-19 менен ооруп, оор абалда кайрылган бейтаптардын саны көп болууда. Бул тууралуу аталган бейтапкананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Бизге кайрылган бейтаптардын саны күндөн-күнгө көп болууда. Себеби биздин эл дарыгерге убагында кайрылбай, өзүн-өзү дарылап үйдө жата беришет. Качан дем алуусу начарлап баштаганда дарыгерлерге кайрылышат. Бүгүнкү күндө 18 адам оор абалда биздин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деди ал.

Аалиевдин айтымында, мекемеге чалып кайрылгандардын саны да көп болууда. "Мурда күнүнө 20-30 бейтап келсе, учурда 50гө жакын. Биз орто эсеп менен 30 адамды ооруканага жаткырабыз", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-04-01 16:33:48
Көбөйүүдө деп эле ооруну тилеп турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан