Биз социалдык тармакта

Бишкекте жана облустарда жаан-чачындуу аба ырайынан улам электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

Бүгүн, 1-апрелде орун алган катуу шамал менен жааган кардын кесепетинен электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн токтобой жааган кар менен катуу шамалдын кесепетинен Бишкек шаарында, Чүй, Талас облустарында жалпы 35 электр линиясы аварияга туш болду.
"Бишкекте - 7, Чүйдө - 13, Таласта - 15. Өчүрүүлөрдү тез аранын ичинде калыбына келтирүү үчүн жалпы 105 ыкчам топ иш алып барууда. Алсак, Бишкек шаары боюнча - 19, Чүй облусунда - 53, Талас облусунда - 33 ыкчам топ иштеп жатат. Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында “Түндүк электр” ишканасынын толук курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakubek
2021-04-01 17:18:06
Калп эле шылтоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан