Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунда 100дөн ашык бала пневмония илдетинен дарыланууда

Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборунда пневмония илдетинен 113 бала дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаевге байланышканыбызда маалым болду.

Анын айтымында, учурда пневмония менен ооруган балдардын саны мурункуга салыштырмалуу азайганы байкалууда.

"Учурда биздин борбордо 113 бала пневмония илдетинен дарыланып жатат. Көпчүлүгү Бишкек шаарынан. Мурункуга салыштырмалуу пневмония илдети менен кайрылган бейтаптардын саны азайганы байкалууда. Алардын ичинен өтө оор абалдагылары жок, оор абалда үчөө, орто оор абалда 12, калгандарынын абалы туруктуу", - деди Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан