31-мартта Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында "Көк бөрү" оюну боюнча "Бакубат-Талас", "Кара-Буура", "Ынтымак" командалары Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков тарабынан байгелүү сертификаттарга ээ болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн телеграм баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, республикалык таймашта 1-орун алган "Ынтымак" командасы 100 миң сомдук сертификат, "Кара-Буура" жана "Бакубат-Талас" командалары 50 миң сомдон сертификатка ээ болушту. Ыйгарым укуктуу өкүл оюнчуларды жеңиши менен куттуктап ийгилик каалады.