Бүгүн, 1-апрель саат 16:20дан баштап Бишкек-Ош унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган унаа жол качан ачылары белгисиз. Белгилүү болгондой, жол Чычкан капчыгайынан тарта жабылган.
Ал эми Сосновка жагы дагы жабылуусу мүмкүн экендигин кошумчалашты.