Кыргызстанда бруцеллёзго чалдыккандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Өткөн жылы 1902 адам бруцеллёз менен каттоого алынса, быйыл бул көрсөткүч 1139ду түздү. Мындан сырткары ВИЧ жугузуп алгандар 32 пайызга азайыптыр. Өткөн жылы ВИЧ менен катталгандардын саны 567 болсо, быйыл 395 болду.