Биз социалдык тармакта

Министрлик: "Жалдагы балдар ооруканасында каза болгон дипломатиялык кызматкерде коронавируска каршы эмдөөнүн белгилери болгон эмес"

Кечээ, 1-апрелде Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда эркек киши жандандыруу бөлүмүндө каза болгону маалымдалган. Кийинчерээк маркум Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров экени, ал 2 күн мурда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү айтылды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги консулдук кызматкер эмдөөдөн өткөндөрдүн тизмесине катталбаганын кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардын персоналдык маалыматтары системге толук киргизилет.

"Эмдөө планына ылайык, биринчи этапта дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер вакцина алышат. Ал эми дипломатиялык кызматтын өкүлдөрү жогоруда аталган структуралардын бирине дагы кирбейт.

Республикалык соттук-медициналык экспертизанын маалыматы боюнча, каза болгон жарандын денесине сыртынан кароо жүргүзгөндө ийненин издери болгон эмес. Эксперттердин толук кандуу корутундусу 14 күндүн ичинде дайын болот", - дешти мекемеден.

Министрлик коомчулукту дүрбөлөңгө сала турган маалыматтарды таратпоону өтүнүп, такталбаган маалымат тараткан учурда кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Эске салсак, 1-апрелге караган түнү балдар ооруканасына бейтап кайрылып, жандандыруу бөлүмүндө жатып антибиотик алгандан кийин көз жумганын "Кактус" маалымат каражаты жазып чыккан.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mylatka..
2021-04-02 11:36:12
Актануу башталды ...
+1
Aibek_eka
2021-04-02 12:08:47
Ваксинадан олсода башка нерсени себеп квласынарда эми урматуу Кыргыз элим бул ваксинаны албагыла СпутникV ваксинасы барганда ошону алгыла ишеничтууроок
0
nazarnew
2021-04-02 12:21:59
Тыкчу жеринерге тыгып алгылачы ушул вакцинанарды, бул жардам бербейт, наоборот өлтүрөт, лучше отказ эле кылгылачы ушул биздин медицинага ишенсен точно өлөсүңөр, бул факт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан