Биз социалдык тармакта

Министрдин эмдөө алганына ишенбестик. "Балдарым менен ант берем, эмдөө алгам" дейт Бейшеналиев

29-мартта Kыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө башталган. Анда алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөө алып, ийне сайдырган. Ошол эле мезгилде министрдин эмдөө алганына ишенбеген интернет колдонуучулары да болуп, ал унутулуп бараткан. Кечээ, 1-апрелде Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмү бул ишенбестикти кайра күн тартибине алып чыкты.

Анткени Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун жазган.

Аягы тыйылбаган бул күмөндөргө саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев комментарий берди.

Айтымында, ал эмдөө алгандан корккон эмес жана колдонуучулардын күмөнү негизсиз.

"Мен негизи кесибим боюнча хирургмун. Эмдөө алганымдын жалган эмес экенин балдарым менен, нан кармап ант ичем. Эмдөө алганда мен эч нерсе болгон эмесмин. Маалымат каражаттарына көрсөтөм, антитела нөл болчу. Мен эч кимди алдаган эмесмин, маалымат каражат өкүлдөрүнөн качкан да эмесмин. Эмне болсо, ошону айтып келе жатам.

Эгер корксом же качсам, иш сапардамын деп орун басарларымды жөнөтүп коймокмун. Ал эле эмес, менин орун басарларым баш болуп 30 медицина кызматкери эмдөө алды. Интернет колдонуучулары ар нерсени жаза беришет. Мен эмдөө алып жатканда бардык журналисттер чагылдырып, элге түз көрсөтүлүп жатты", - деди Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Simels
2021-04-02 13:59:53
Биз кыргыздар - Эшек минип алып баратсаң дагы сөз кылышат байкушту кыйнабай жөө эле баспайбы деп. Эшекти жетелеп баратсаң дагы айтышат келесоодой болбой жетелебей минип албайбы деп!Негизи ушул сөз туура атылган экенда
+8
Ozgocho111
2021-04-02 15:08:53
Simels,эн туура, анан паланча куноолуу, тукунчо куноолуу деп чыгабыз..
+2
Kadyrova_
2021-04-02 17:03:55
Simels,Туура сөз жаздын кеч келип сууктун болгонунада Садыр Нургожоевич күнөөлү деп чыгышат жакында.Өзү жер бетинде болуп жаткан жагымсыз нерселердин баары ниетибизге эле жараша болуп жататко деп ойлойм.
+2
AdylbekB84
2021-04-02 17:09:43
Бир болсо маркум антибиотик алганына караганда үй- бүлө мүчөлөрүнөн жашырган ооруп жүргөнүн, балдар ооруканасына үкөл даарысын көтөрүп барып алган деп жатышат башка сайттар, демек ал жерде иштеген таанышы бар! Вакцина алдым деп жашырган чыгаар.
+1
Aiymkunumjyldyzym
2021-04-03 23:40:57
Эн эле озгочо калкпыз да кыскасы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан