Курман айт күнү Кыргызстанда 400дөй бодо мал союлуп, эти элге таратылды

15-октябрь - Курман айт күнү Кыргызстанда “Адеп башаты”, “Элим, барсыңбы?” жана башка коомдук фонддор тарабынан 400дөй бодо мал союлуп, эти муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Этникалык кыргыздар менен иш алып барган “Бириккен кыргыз” уюмунун жетекчиси Барно Усманованын айтуусунда, аталган 3 уюм биригип, Курман айт күнү курмандык кылууну ниет кылган адамдарга кайрылып, аларды бир жерге чогулткан жана алдын ала жардамга муктаж адамдардын тизмесин түзүп, жалпы 15 миң адамга эт таратылды.  

“Элибизде кайрымдуулукту, ыймандуулукту туу туткан жана Курман айт күнү муктаждарга жардам берүүнү ниет кылган 400гө жакын колунда бар адамды чогулттук. Алар тарабынан 400 бодо мал жана төө союлуп, эти таратылды”,- дейт Усманова. Бишкектин мал базары Нарбото жайгашкан Ак-Бата конушунда уюштурулган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев катышып, курмандык чалууга көмөктөшкөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан