Биз социалдык тармакта

Күн ачык болот. 3-апрелге карата аба ырайы

Эртең, 3-апрелде Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Башка аймактарда жаан жаабайт, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Чүй, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында үшүк жүрөт. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-5, күндүз +10...+15,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз +10...+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз +5...+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз +3...+8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -2...-7 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн -3...-5, күндүз +13...+15 градус болот, жаан-чачын болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан