5-апрелден тартып 9-апрелге чейин Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу темир жол менен унаа жолу алты саатка жабылат. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Боом капчыгайы эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.
Буга байланыштуу айдоочуларга алдын ала пландап алып, жолго чыгуу сунушталат.