Бүгүн, 2-апрель күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов баштаган жумушчу топ Ош шаарындагы Достук кичи районундагы курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Вице-мэр шаардагы үй муктаждыгы акырындык менен мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун негизинде ишке аша тургандыгын билдирип, аталган райондогу 9 кабаттуу үйдүн 7-кабаты учурда бүтүп жаткандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Ош шаарында ипотекалык негизде үч көп кабаттуу үйдүн курулушу кызуу жүрүп жатат.