Жалал-Абад облустук балдар чыгармачылык борборунда “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам” аттуу аймактар аралык сынак өтүүдө. Ага 8 район, 4 шаардан 160 окуучу катышып, вокал, бий жана комуз чертүү боюнча таймашып жатышат.
Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сынакта Жалал-Абад шаарынан “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары үч өнөрдөн тең активдүүлүгүн көрсөтүүдө.
Облустук турдан жеңген окуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин "Балажан" республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна жолдомо алышат.