Американын атактуу жазуучусу Марк Твен "Том Сойердин жоруктары" аттуу китебинде балдардын аруу сезими, окуя-саякаттарга ынтызарлыгы, жашоого кумары жана турмушка дилгирлиги тууралуу баяндайт. Китепти Турусбек Мадылбай кыргызчага которгон.
Кичинекей кезибизде окуган китептерди унутууга мүмкүн эмес. Бизди жашоого даярдап, фантазиябызды өркүндөтүүчү бул китептерди ар дайым окугубуз келе берет. Балдар адабияты күнүнө карата дүйнөдөгү эң белгилүү китептердин кыргызчага которулгандарынын кээ бирлерин тизмектедик.
1. Кичинекей ханзада / Антуан де Сент-Экзюпери
"Кичинекей ханзада" чыгармасы дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү китептердин бири. Бул керемет китепти башталгыч жана орто класстын окуучуларынан баштап чоңдорго чейин окуса болот. Китепте башка планетада жашап, эч качан чоңойбогон кичинекей ханзаданын Жер планетасына саякаты тууралуу баяндалган. Бул чыгарманы адабиятчы Салижан Жигитов кыргыз тилине которгон.
Чоң кишилер цифра десе жантыгынан жата калат. Жаңы бир дос тапканыңды сүйүнчүлөсөң, алар эч качан алгылыктуу суроо бербейт. Алар эч качан "Анын үнү кандай экен? Кандай оюнга ышкыбоз экен? Көпөлөк кармайт бекен?" деп сурабайт. Алар: "Жашы канчада экен? Ага-иниси канча экен? Салмагы канча экен? Атасы канча акча табат экен?" деп сүрүштүрөт.
2. Робинзон Крузо / Даниель Дефо
Робинзон Крузонун укмуштуу окуяларына негизделген чыгармада башкы каармандын элсиз аралдагы 28 жылдык жашоосу сүрөттөлгөн. Робинзон бир ирет Африкадан кулдарды алып келүү үчүн жолго чыгып кырсыкка кабылат. Китеп 1946-жылы кыргызчага которулган.
Кемеден узагандыгыбызга чейрек саат боло электе биздин көз алдыбызда кемебиз сууга чөгө баштады. Мына ушунда гана "мен суу жутуп алды" деген эмне экендигин биринчи жолу түшүндүм. Ошондой болсо да матростордун чөгүп бара жатат деген кыйкырыктарын укканда менин кемени карай турган күчүм жок экендигин мойнума алышым керек, анткени мен кемеден түшкөндөн бери, же чынын айтканда, мени кемеден түшүрүшкөндөн бери бир чети коркунучтан, бир чети алдыда турган кырсыктарды ойлогон оюмдан бүт денем өлүп, менде жан жок.
3. Том Сойердин жоруктары / Марк Твен
Американын атактуу жазуучусу Марк Твен "Том Сойердин жоруктары" аттуу китебинде балдардын аруу сезими, окуя-саякаттарга ынтызарлыгы, жашоого кумары жана турмушка дилгирлиги тууралуу баяндайт. Китепти Турусбек Мадылбай кыргызчага которгон.
Туптуура. Бул жакшы бала экен. Мыкты бала. Кичинекей болгону менен эр экен. Эки миң ыр деген эң эле көп да, өтө көп. Сен буга көп күч коротконуңа эч өкүнбө, билим деген эң баалуу нерсе, ал адамды улуу да, жакшы да кылат, сен дагы бир кезде улуу, мыкты киши болосуң, Томас. Ошондо сен артыңа карайсың да, ушуга бала кезимдеги жекшемби мектебинде окуган күндөрүм себепкер, мени билимге үйрөткөн ардактуу мугалимдериме, мага баш-көз болуп, түбөлүккө менчигим болуп сактала турган мына бу татынакай, кооз Библияны тартуу кылган мыкты мүдүрүмө милдеттүүмүн, ушунун баары туура тарбиянын натыйжасы дейсиң.
4. Ак Азуу / Жек Лондон
Бул китепте жаныбарлардын кыялы менен жүрүм-туруму ар түрдүү жашоо жагдайларында чеберчилик менен сүрөттөлгөн. Чыгарманы Таалайбек Абдиев кыргызчага которгон.
Караңгы менен кошо үрөй учурган коркунуч да келди. Карышкырлар такыр ээ бербей, анын үстүнө мурунку түнү уйкудан калган Генрини улам уйку басып кетип жатты. Ал одеялга оронуп, балтаны аягына коюп, уйкуга эс-мас болуп, оттун жанында отурду. Эки ит жабышып эки жагында. Түн ортосунда ойгонуп кетсе, өзүнөн он эки футтай жерде килейген боз карышкыр туруптур, бул үйүрдөгү эң чоң карышкырлардын бири эле. Ал эриккен ит сыяктуу керилип, чоюлуп, оозун чоң ачып эстеп, Генрини өзүнүн менчиги, эртедир-кечтир колго түшө турган олжосу сыяктуу тике карап турду.