Биз социалдык тармакта

Жеке көзөмөлүмө алам. Садыр Жапаров авиабилеттердин баасы боюнча билдирүү таратты

Президент Садыр Жапаров аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасын жеке көзөмөлүнө аларын Телеграм каналы аркылуу билдирди.

"Орусияга учкан үзгүлтүксүз аба каттамдардын саны жана авиабилеттердин баасы боюнча түзүлгөн кырдаалды жеке көзөмөлүмө алгам. Албетте, маселе татаал, бардыгы бизден гана көз каранды эмес, бирок биз бул кырдаалдан чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз.


Орусияга иштеп келүүгө жол таба албай жаткан жарандарыбыз үчүн бул канчалык маанилүү экенин билип турам. Мекендештерибиз чет өлкөлөргө жумуш издеп кетпеши үчүн биз колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Ипотека боюнча иш-пландар даярдалып жатат. Турак-жайы жок жарандарыбызды турак-жай менен толук камсыз кылабыз деген аруу тилектерибиз бар. Биз сөзсүз түрдө буга жетебиз.

Аба каттамдардын санын көбөйтүүгө, авиабилеттердин баасын төмөндөтүүгө жана темир жол каттамын жандандырууга аракет кылып жатабыз. Бирок бул маселе Казакстан менен Орусиядан көз каранды. Казакстандын өкмөтү транзитти жандандырууга бүгүн макулдугун берди. Эми Орусия тараптын жообун күтөбүз.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусияга каттамдарын көбөйтөлү десе, Кыргыз бийлиги каршы болуп жатат деген чагымчылдардын сөзүнө ишенбегиле!

Тескерисинче, көптөн бери Орусия тараптан чартердик рейстерди көбөйтөлү деп суранып келе жатабыз. Маселе бизде эмес. Албетте, бардык проблема коронавируска дагы байланыштуу болуп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Belek1710
2021-04-02 18:17:12
Жеке көзөмөлдө кымбат болуп атса, эмнеден болду экен билеттин кымбатчылыгы.
+2
stal.ks
2021-04-02 21:19:17
Козомол болсо деле болбосо деле ошол цена
0
Arslan11
2021-04-02 21:28:21
Женбеков дагын ушинтип айтат еле менин көзөмөлүмдө болот деп
0
amirrus
2021-04-03 08:03:59
Козомолунорго силердин...Жыйынтык болбосо,билет арзандабаса козомолдоонун эмне кереги бар урматтуу ажо ?
+1
Shekeev969798
2021-04-03 13:21:51
Жеке козомолундо кымбат болуп атат да козомолдобой эле койгула, бензинди да козомолдоп атса керек
+1
aslan_akjol89
2021-04-05 11:52:39
Айта берет,кайта берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан