Биз социалдык тармакта

Депутат учак билеттеринин наркынын жогору болуп жатканын сынга алды

Депутат Бурун Аманова учак билеттеринин наркынын жогору болуп жатканын сынга алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эл өкүлү учак билеттеринин наркын азайтуу жана жол тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү багытында тиешелүү жумуштар жасалбай жатканын сынга алды.

Жарандык авиация агенттигинин өкүлү бул багытта Орусияга сегиз жолу кат жазылганын белгиледи. "Биз жок дегенде бир жумада эки тарапка жетиден, 14 каттам ачууну сунуштап жатабыз. Азыркы тапта эки жакка үчтөн гана алты каттам аткарылууда", - деди ал.

Депутат: "Кат менен гана чектелип, алгылыктуу чара көрбөй жатасыңар. Турмушта чечилбей турган маселе болбойт. Жөн гана аракеттин жоктугунан билеттин наркы төмөндөбөй келет. Мындан карапайым калк гана жабыркоодо", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
arimaz89
2021-04-02 21:00:46
Сындаганды баары эле билет, а кандай жол менен арзандатса боло турган варианттарын айткан киши жок. Деңизден ары сүзүп өт деп ар бир адам айта алат. А кандай кылып сүзүп өтүү керек экенин ар бири эле айта албайт.
+8
Nina.alex
2021-04-02 22:31:14
Сындап эле келе жатасынар. Толк жок
+1
ika8086
2021-04-02 23:05:25
билеттин кымбаттаганы самолеттун жетишсиздиги.Азыркы учурда Россияга учкандар баары чартердик негизде учкандар.Качан гана самолеттор кадимки режимге тушуп бир кундо 5-6жолу учканда гана арзандабаса билбейм.Жумасына 6жолу учкан болмо албетте кымбат да заказной учкандар созсуз кымбат учушат
-1
Nuur
2021-04-03 00:08:37
Мен дагы сындап коюп уйдо жатам депутаттардан кем калбай, реакция жок негедир.
+1
xnurgul_gul
2021-04-03 07:10:56
Россиядан алсан арзан эле болуп жатат. Кыргыздар учурбайтат экен Аэропорттон эмнеге ал жактан алдын билетти деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан