Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү саат 18:45 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун Талдык ашуусуна кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылды.
Аталган министрликтен дагы кошумча маалымат бериле турганын билдиришти.