Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Чүй облусу - 2;
Бишкек шаары - 6.
Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 4259 катталды, алардын ичинен 4203 медкызматкер сакайды.