Биз социалдык тармакта

Бишкекте адашып кеткен кичинекей кызды кайгуул кызматы таап, ата-энесине сак-саламат өткөрүп беришти

Бишкекте адашып кеткен кичинекей кызды кайгуул кызматы таап, ата-энесине сак-саламат өткөрүп беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-апрель күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Лев Толстой жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган кызматкерлерге 1996-жылы туулган келин кайрылып, 2017-жылы туулган кызы үйүнүн жанында ойноп жүрүп, жоголуп кеткендигин жана издеп жаткандыгын кабарлаган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, көп узабай адашып кеткен кичинекей кызды таап, апасына сак саламат жеткирип беришкен.

Кичинекей кыздын апасы кызынын табылганына сүйүнүп, милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан