Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы жол эрежесин бузгандарга айып пулду азайтуу боюнча токтом даярдалып жатканын билдирди

Өкмөт башчы Улукбек Марипов жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча токтом долбоору даярдалып жатканын Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди.

"Өкмөт куралганда жана ага чейин деле бул маселе көтөрүлүп келген. Бул жол эрежелерин бузган айдоочуларга салынган айып пулду азайтуу. Азыр азык-түлүк каатчылыгы болуп жатат. Биз туура түшүнүп, президенттин жана менин тапшырмам менен өкмөт токтом долбоорду даярдап жатат. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңешке жөнөтөбүз", - деди Марипов.

Ошондой эле өкмөт башчы айыптардын кайсы түрү канча сомго кыскартыларын айткан жок.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazira...
2021-04-03 15:47:02
Ошто токтотууга болбойт деген знактарды каждый перекрестекторго коюшту, койгону го жакшы бирок парковкалар жок платный болсо да. Бара турган жериңен эки остановка нары токтотуп жөө келесин, убакыт уттуруп иштерибиз кечеңдеп жатат. Парковканы ойлобой эле знак кое бериш деле туура эмес болсо керек. Же эптеп айып пул салышпы.
+4
nazira...
2021-04-03 15:56:35
Анан бизде кичинекей матиз, тико машиналары көп, ал машинаны кичине болгон үчүн жанынан адам өтсө болот деп тротуарга киргизип коюшат. Чынында коляска, адамдар свободна өтүшөт. Анан ошол машиналарга айып салышат да ошол эле тратуарда турган лексус жана башка чон машиналарга сала алышпайт. Ошол жагын да.бирдей карашса.
+1
Jelezo
2021-04-03 16:10:41
Штрафды азайтып элден колдоо табам деп жатасыңарбы акча табыш үчүн тез арада реформа жүргүзүү керек,сот реформасын мам.башкарууну,район, областтык бийликти жойуш керек.
0
Asmat84
2021-04-04 08:27:30
Э Кудай ушуну азайтсынчы тойгозду уже жол белгилерин туура жана так даана коюп анан акча дешсе болмок. Мисалы жол четиндеги ортосундагы чийиндер жокко эсе. Айта берсе арман көп... Айып пул дегенде эле саксаңдашып жетип келишет. Кайгуул кызматы только эл көзүнө гана иштешет башка жерде чөнтөккө иштеп атышат. Бир нерсе десең эле 1000 сом 5 000 сом айып пул салам дешип аңкылдашат
+2
Ngazi
2021-04-04 12:36:18
Айып пул аз болобу көп болобу мыйзам аткарылып турса жакшы. Аткарылбаса жол кырсыктары азайбайт. бир адамга 500 000 сом болуп кеткенче айып пул салып коюп отура берген туура эмес. 3 айып пул болдубу машинаны издеп таап штрафстоянкага коюш керек төлөгүчө. Дагы 3 жолу кылса 3 жылга лишение прав кылыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан