Ошто жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, 700 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ишембиликке шаардагы бардык уюмдардын, муниципалдык мекемелердин жана саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка ведомстволордун эмгек жамааты чыгышкан.
Алардын катарында жогорку окуу жайлардын, бала бакчалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар дагы бар.
"Ош-Тазалык" ишканасы саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, полигонго 700 тонна таштанды ташылганын билдирген.