Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары - 7.
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4266 катталды, алардын ичинен 4206 медкызматкер сакайды.