Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте веложүрүш болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, веложүрүшкө убактылуу мэрдин милдетин аткаруу Бактыбек Кудайбергенов дагы катышты.
Веложүрүш "Адинай" паркынан башталып Масалиев көчөсүнө чейин болду.
Веложүрүшкө катышкан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кызматкерлери 3 унаа менен, ошондой эле "Тез жардам" кызматкерлери коштоп жүрөт.