Биз социалдык тармакта

УКМК тарабынан кармалган Нургазы Анаркуловду Самара Каримованын тоюнда отурганын көрүүгө болот (сүрөт, видео)

Кечээ, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарында 30 жашы менен сахнадагы 10 жылдыгына карата той өткөргөн. Тойдо шоу-бизнес өкүлдөрү, жеке ишкерлер баш болгон ар тармактын өкүлдөрүнүн башы бирикти.

Тойдо тартылган видеолордон президенттик аппараттын басма сөз кызматынын мурунку жетекчиси Нургазы Анаркуловдун да отурганын көрүүгө болот.

Буга чейин ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган. Кийинчерээк Анаркулов үй камагына чыкты деген маалымат тараган.

Бул маалыматтан кийин УКМК Нургазы Анаркуловго эч кандай чара көрүлбөгөнүн маалымдаган.

Самара Каримова 30 жашын белгилеп той берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
PROS
2021-04-05 09:36:54
Садыр айта берет, сөзүнөн кайта берет! Кол алдындагылар деле ошо да.
+15
Kadyrova_
2021-04-05 10:05:31
Тен тени менен тезек кабы менен демекчи арам тамактардын тойуна арам тамак жеп жутаарлар баратта.
+15
munarbek.92
2021-04-05 10:42:28
Kadyrova_,мен дагы ошол нерсени жазайын дегем менден мурда жазып койупсунар
+12
bond02
2021-04-05 10:30:03
Озгоруу жок, мурдагы эле корунуш.
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан