Хакер форумдарынын биринде 533 миллиондон ашык Фейсбук колдонуучуларынын аты-жөнү, жашаган жери, туулган датасы, телефон номерлери жана башка жеке маалыматтары жарыяланган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, форумга маалыматтары жарыялангандар 106 мамлекеттин жарандары болгон. Арасында Фейсбук социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин да маалыматтары бар.
"Жеке маалыматтарды камтыган мындай көлөмдөгү маалымат базасы хакерлерге башка иш-аракеттерди кылуусуна жол ачат", - деп айтышкан киперкоопсуздук адистери.
Буга чейин массалык маалымат каражаттары бир нече жолу Фейсбуктан ири көлөмдөгү маалыматтар чыгып кеткендигин жазып чыгышкан.