Орусия: Депутаттар Орусиядагы мигранттардын өз өлкөсүнө акча которуусуна тыюу салууну сунушташууда. Тизмеде Кыргызстан дагы бар

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясынын депутаттары Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өз өлкөсүнө акча которуусуна тыюу салууну сунушташууда. Алар мигранттар көп келген Орто Азия өлкөлөрүнө акча которуусуна убактылуу мораторий жарыялоо керектигин айтышууда. Тизмеде Кыргызстан дагы бар. Мындай маалымат 15-октябрда аталган партиянын расмий сайтына жарыяланды. Аталган партиянын мүчөлөрү мындай жол менен мигранттардын санын кыскартууну көздөп жатат. Депутаттар "Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кыргызстан жана башка өлкөлөргө банк аркылуу акча которууга тыюу салууну сунуштайбыз. Мындай кадамга убактылуу болсо да барууга муктажбыз. Мигранттар биздин өлкөгө келип акча иштеп таап, орусиялыктар үчүн ооруларды, баңгизаттарды таратып жатышат. Кылмыштардын саны өсүүдө",- деп билдиришүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан