Ош шаарында "Сулайман-Тоо периси-2013" сынагы өтөт
22-октябрда Ош шаарында "Сулайман-Тоо периси-2013" сулуулар сынагы өтөт. Иш-чара С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында орун алып, 8 сулуу ат салышат. "Сынактын байге фонду 70 миң сом",- дейт мэриянын жаштар иштери боюнча комитетинин маданий иштер боюнча адиси Элдияр Кадыркулов. Жеңүүчү болгон сулуу "Кыргызстан периси-2013" сынагына катышууга жолдомо алат.