
Бүгүн, 5-апрель саат 11:15ке карата Бишкек-Ош унаа жолу ачык. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Токтогул районунун Арал постунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө бүгүн саат 11:10до алынган.
Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы постко убактылуу киргизилген чектөө алына элек.