Биз социалдык тармакта

Брюс Лини туурап таанылган 10 жаштагы Нурмухаммад индиялык режиссёрлор тарткан KIA унаасынын жарнамасында башкы ролду аткарды

Жалал-Абаддык Нурмухаммад Ташмаматов 6 жашынан эле белгилүү актёр Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырып келет. Ал 2017-жылы Орусиянын Биринчи каналындагы “Лучше всех” теледолбооруна, 2018-жылы Украина өлкөсүнүн “Круче всех”, Орусиянын "Синяя Птица" телепрограммаларына катышкан. Мындан сырткары 2020-жылы Нурмухаммад нунчак менен теннис ойноп, эл аралык “Интеррекорд” китебине жана "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган. Андан соң Орусияда “Я почти знаменит” программасына катышып, өзүнүн рекордун жаңылаган.

Көптөгөн рекорддордун ээси 25-мартта Беларустун Минск шаарында автоунаанын жарнамасына тартылып келди. Анын атасы Асилбек Ормоновдун айтымында, Кореянын Kia үлгүсүндөгү автоунаасынын жарнамасында башкы ролду аткарды.

"Бизге атайын Минск шаарынан кагаз түрүндө чакыруу келди. Уулум рекорд койгондо байкаган Индиянын үч режиссёру жарнаманын башкы ролуна чакырышты. Алар бизге барып келген жол кире, жаткан жайыбызды жана тамак-ашыбызды төлөп беришти. Мындан сырткары куру кол жөнөтүшкөн жок, уулумдун акысын колуна карматышты. Нурмухаммад ал акчага өзүнө тир, мылтык сатып алды.

Жарнама туурасында айтсак, анда дүйнөнүн ар тарабынан келген актёр, актрисалар катышты, балам баары менен таанышып, өзүнө дагы көптөгөн досторду тапты. Эгер даяр болсо, интернет аркылуу көрө алсак керек. Анан да Нурмухаммаддын сүрөттөрү көчөдөгү жарнамалык щиттерде илинерин айтышты", - деди Асилбек Ормонов.

Нурмухаммад Ташмаматов тууралуу буга чейин даярдалган видео бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NURSAPAR
2021-04-06 06:49:57
Азамат атына заты жарашкан жигитсиң. Кудай тилегиңди берсин!!!
+13
gulya583
2021-04-06 14:14:38
Коз, соз тийбесин
+5
Ernisbii
2021-04-14 17:25:45
Ананайын аман болсун,элдин уулу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан