Биз социалдык тармакта

Бишкекте иттин балага кол салуусу. Баланын абалы канааттандырарлык

Бишкек шаарында ит тиштеген баланын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Учурда баланын абалы канааттандырарлык, травматология бөлүмүндө дарыланууда. Керектүү дарыларын алып жатат. Тийиштүү дарыгерлер кароодо", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 3-апрелде Бишкекте ит окуучу бала менен аялды тиштегилеп жаткан видео социалдык тармакка тараган.
Бул факты Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" беренеси менен катталып, иттин ээси изделүүдө. Ал эми жабыркаган 2009-жылы туулган бала №3 шаардык балдар ооруканасына жаткырылган.
Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык мэрия окуяга күбө болгондорду жана иттин ээсин тааныган, көргөн-билгендерди төмөнкү номерлер аркылуу байланышууну өтүндү.
102 — милиция;
0500432815 — Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмү;
0312370173 — Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kadyrova_
2021-04-05 18:59:13
Ошондой гилейген итти карапайым эл бакмак беле карапайым ит эмес өздөрүн багалбай жатат.булда болсо арам тамак бир чиновниктин итида.эми итин камап койсо итида ооруп үй камагына чыгып ошо менен акталат.башка жанылык күтпөй эле койгула супер окурмандары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан