Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-март айларында 8 миллиард 781 миллион 200 миң сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгиленген план 102,7 пайызга аткарылды же 231 миллион 200 миң сомго көп жыйналды.
"2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 750 миллион 300 миң сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 109,3 пайызды түздү", - деп жазылат билдирүүдө.