Биз социалдык тармакта

Башкы прокуратура: "Ысык-Көлдө 31 миллион сомдук жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды"

Ысык-Көл районунда 31 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 2 гектар жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.

"Текшерүүдө, жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде Ысык-Көл райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2014-жылы Бает айылында жайгашкан 2 гектар жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө жаранга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.

2020-жылы райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата апелляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган. 2021-жылы орун алган мыйзам бузууну 31 миллион сомго бааланган жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылып, белгиленген тартипте мурунку менчик ээсинин пайдалануу укугу токтотулганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан