Буга чейин "Бешинчи каналдын" кызматкерлери жетекчисине каршы өлкө башчысына кайрылуу жасашканы
маалымдалган.
Кайрылууда маалымат каражат өкүлдөрү конституциялык укуктарынын бузулгандыгын, мындан улам алар акыйкаттык издеп, кайрылуу жазууга аргасыз болушканын жазышкан.
"Бешинчи каналдын" кызматкери Кутман Маматазимов эки штатта иштегенине карабай, айлыгынан кыйла кыскарганын айтып нааразы. Айтымында, "Бешинчи каналдын" азыркы жетекчиси Рахат Сулайманов сырттан кызматкерлерди алып келип, каналдын ичинде иштегендердин маяналарын себепсиз кыскарта баштаган.
"Менден 2 миң сом кесилет деп келип кол койдурушкан, бирок 5 миң сом кесилди. Эки ай айлык алган жопуз, анан көптөн күткөн маянабыз түшкөндө карасак, бизге айтылбай кесилгенин билдим. Эми дагы 2 миң сом кесилет, менин укугум тебелендиби?
Ошол эле учурда жумушка такыр келбеген, жок эле адамды штатка киргизип, алар айлык алып жүрүшөт. Өзүнө караштуу адамдарды алып келип алып, акча төлөнө турган долбоорлорду эфирден кетирип жатат, акчасын алар алат. Ушул адилетсиздикпи?", - дейт журналист.
Азырынча айтылган пикирлер боюнча каналдын жетекчиси Рахат Сулайманов жооп бере элек.