Сеулда баасы 500 миң доллар турган сүрөттү көрүүчүлөр кокусунан бузуп алышты

Түштүк Кореядагы соода борборлорунун биринде өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүндө баасы жарым миллион доллар болгон сүрөттү көрүүчүлөр кокусунан бузуп алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, Сеул шаарындагы соода борборлорунун биринде сүрөт көргөзмөсү өтүп жаткан. Көргөзмөдө турган сүрөттүн жанында боёгучтар жана кыл калемдер бар болгон. Көрүүчүлөр тартылып бүтпөй калган сүрөттү каалоочулар толуктоо үчүн коюлган деген ой менен ар ким жетишпей калган жерлерин тартып киришкен. Ал эми сүрөт болсо көргөзмөгө экспонат катары коюлган болчу. Анын баасы 500 миң долларды түзөт. Сүрөттү кокусунан бузуп алгандарга карата эч кандай жаза колдонулган эмес, ушул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн "тийгенге болбойт" деген эскертүү тактайчасы коюлган. Учурда бузулган сүрөттү кайрадан оңдоп-түзөө маселеси каралып жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkeleim
2021-04-05 22:52:18
Даа мен барган коргозмого
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан