1 жылда 4 миллиард 400 миллион долларга чыгым болгон. LG компаниясы смартфондорду чыгарууну токтотот

Кореялык LG компаниясы смартфондорду чыгарууну токтотот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар компаниянын расмий билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Андагы маалыматта айтылгандай, бул жаатта атаандаштык жогору жана компания смартфондорду чыгарууда өткөн жылы 4 миллиард 400 миллион долларга чыгым болгон. Компания смартфондорду өндүрүүнү ушул жылдын 31-июлунан тарта токтотот. Мындай кадам менен компаниянын чыгашаларын азайтып, технология өндүрүүнүн башка тармагын каржылоого жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот.

LG компаниясы смартфон чыгарууда 2015-жылдан тарта чыгымга учурай баштаган. Бирок смартфондорду чыгарууну токтотуу чечимин жакында гана кабыл алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2021-04-06 07:06:21
Жонокой мурункудай тел чыгарсанар алат эл
0
tsunse
2021-04-06 21:51:19
Ошонон коро ошол акчаны Кыргызстанага берсенер, биз какрас карызыбыздан кутулуп алмакпыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан