"Сосновка" жана "Арал" постунда убактылуу киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
6-апрелде саат 7:00дө "Сосновка" жана “Арал” постунда убактылуу киргизилген чектөө алынган.