2021-жылга республикалык бюджеттен коронавируска каршы күрөшүүгө 2,4 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Экономика жана Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, акча күтүлбөгөн чыгымдар, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал олуттуу начарлап кеткен учурда каржыланууга багытталган.
"Экономика жана Финансы министрлиги коронавирус инфекциясына каршы эмдөө иш-чараларынын алкагында өнөктөштөргө (эл аралык донорлорго) COVID-19га каршы эмдөөгө каражат бөлүү үчүн долбоордук билдирмелерди жөнөтүүдө. Өкмөт COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражат чогултуу жаатында донорлор менен ишти күчөтүү милдетин койду", - деп билдирди министрлик.