Биз социалдык тармакта

Активист Тилекмат Кудайбергенов 15-апрелге чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 6-апрелде активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралып, сот имаратынын алдында активисттин тарапташтары анын боштондугун талап кылып турушту. Бишкек шаардык сотунун чечими менен активист 15-апрелге чейин камакта калды.

Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди. Айтымында, алар бул чечимге каршы дагы топтолушат.

"Тилекмат убагында Садыр Жапаров үчүн канын берип, боштондугун талап кылып жүргөн", - деди Молдокматов.

Кудайбергенов Конституциянын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алып келген. Ал 9-мартта Бишкекте өткөн Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган митингге катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан