Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айтматовдун Пакистанда которулган китептери анын үй-музейине берилди

2-апрелде Бишкекке болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Ч.Айтматовдун үй-музейинин директору Элдар Айтматов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Чыңгыз Айтматовдун урду тилине которулган жана басылып чыккан китептеринин партиясын тапшырды.

Эрик Бейшембиев Элдар Айтматовду Кыргыз өлкөсүндөгү жана Пакистандагы эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин пландаштырылып жаткан китептин расмий бет ачарына чакырды.

Элдар Айтматов Пакистанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу, китепти которууга көмөктөшкөндүгү үчүн элчиге ыраазычылыгын билдирди жана ошондой эле элчинин чакыруусун кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан