Баткен шаарында облустук олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жалпысынан облустук олимпиадага Баткен шаарынан 56 окуучу катышып, алардын 15и байгелүү орундарга жетишти.
Анда:
1-орунду - 3 окуучу;
2-орунду - 5 окуучу;
3-орунга - 7 окуучу алды.
"Окуучуларга жана ата-энелерине акчалай жана ыраазычылык каттар берилди. Мындан сырткары билим берип, окуткан мугалимдерине да акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыкты Баткен шаарынын биринчи вице-мэри Алихан Ураимов тапшырып, окуучуларды жана аземде катышып жаткан катышуучуларды куттуктап ийгиликтерди каалады", - дешти аталган мекемеден.