Биз социалдык тармакта

ЕАЭБдин иликтөөсүндө Кыргыз өлкөсү жумушсуздардын саны боюнча алдыга чыкты

Кыргыз өлкөсү Евразиялык Экономикалык Биримдикте эмгекке жарамдуу калктын арасындагы жумушсуздардын пайызы боюнча алдыда. Бул тууралуу ЕАЭБдин иликтөөсүнүн жыйынтыгында айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2021-жылдын февраль айынын аягында 2,5 миллиондон ашуун адамды түзгөн.

Жумушсуздардын көпчүлүгү Кыргыз өлкөсү менен Орусияда - 3 пайыздан.

Эң төмөнкү көрсөткүч Беларусь өлкөсүндө катталып, анда жумушсуздар эмгекке жарамдуу калктын 0,2 пайызын гана түзгөн.

2020-жылга салыштырганда ЕАЭБ боюнча жумушка орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2,5 эсеге көбөйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан