Референдумга катышуу үчүн Түркиядагы Кыргыз жарандары уруксат алды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу максатында Түркиянын тиешелүү мекемелеринен 11-апрелде өтө турган референдумга катышуусу үчүн сыртка чыгууга уруксат алынды.
"Бул уруксат Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилигиндеги Анкара шаарынын №9036 УШКнын шайлоочулар тизмесинде катталган жарандар үчүн жарактуу. Референдум 11-апрелде саат 08:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы Элчилигинде өткөрүлөт. Шайлоого катышуу үчүн ички паспорт (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту (загранпаспорт) болушу керек", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясындагы чектөөлөрдөн улам Түркияда дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилген. Ошондой эле кечки саат 21:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин өлкө боюнча көчөгө чыгууга тыюу салынган.