
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Жарасул Абдураимов Бириккен улуттар уюмунун өкүлү
Улзийсурен Жамсран айымды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда аялдардын укугун коргоо, билимин жогорулатуу, аялдарга жумуш ордун түзүү жана башка маселелер боюнча сүйлөшүү жүргөн.
“БУУ-Аялдар” уюму Ош облусунда аймактардагы аялдарды кыска убакыттын ичинде атайын кесипке окутуу (тигүүчү жана башка), аймактарда жашаган ишкер аялдарды колдоо жана бизнесин өнүктүрүү максатында “Ишкер аялды колдоо” аттуу жарманкелерди жана башка иш-чараларды уюштуруп келишет.