Темир Сариев: "Кыргызстанда казинолордун иштешине каршымын"

Мурдагы кумар оюндарды ойноочу имараттардын кожоюндары казинолорду мыйзамдаштырса салыкты 1 миллиард сомго чейин жогорулатууга даяр экендиктерин айтышууда. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев 16-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. "Алар бизге кирешени жоготуп жатканыбызды айтышты. Мурда жылына 500 миллион сом чогултчубуз. Өкмөт киреше көбөйтүү үчүн башка булактарды табарына ишенем. Мен өкмөттүн мүчөсү жана жөнөкөй жаран катары казинолорго каршымын. Кыргызстанда автомат оюндарына тыюу салынды, мыйзамды аткарышыбыз керек",- деди Темир Сариев. Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда оюн автоматтарынын, казинолордун иштешине тыюу салынган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан