Бүгүн, 16-октябрда шаардагы Сулайман-Тоо мечитинде Ош шаардык казыяты тарабынан 3 бодо мал, 10 кой союлду. Жандыктарды курмандыкка чалууда жергиликтүү жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышты. Мындай саамалык шаардык казыяттын демилгеси менен биринчи ирет уюштурулуп жатат. Союлган малдын эти шаардагы жесир аялдарга, карылар жана балдар үйлөрүнө таратыла турганын казыяттын жооптуу катчысы Абдилазиз Абдырахманов билдирди.