Аксыда көз жарган кыздын окуясы. Баланын атасы деп шектелген 17 жаштагы айылдашы 2 айга камакка алынды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көз жарган окуучунун окуясы боюнча кылмышка шектүү катары кармалган 17 жаштагы бала 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн баш коргоо чарасы 5-апрель күнү каралган.

1-апрелде Аксыдагы айылдардын биринде 7-класста окуган окуучу көз жаргандыгы тууралуу жазганбыз. Аны ата-энеси сокур ичеги болуп калды деп ооруканага алып барган. Кыз окуган мектептин директору менен соцпедагогу өз арыздарынын негизинде кызматтан кетишкен. Шектүү катары кыздын 17 жаштагы айылдашы кармалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-04-07 12:36:51
Бир тууган агасы деп жүрөт го бир сайттарда
+1
nazira...
2021-04-07 13:10:59
Рас атасы болсо экөөнү үйлөп коюшпайбы. Не кылат камап, болоору болду да.
+7
Belek1710
2021-04-07 13:52:35
nazira...,бир жагынан туура айтканың, бирок законго бащ ийиш керек, антпесе камалбайт экенбиз, үйлөнүп алабыз деп, жапайычылык көбөюп кетет, камалсын!
+5
nazira...
2021-04-07 16:29:46
Belek1710,туура ал жагы да бар, бирок түрмөдөн келип ошо кызды алабы, алып жашап кете алабы, кандай болуп келет. Камабай эле башка катуу чараларды көрүш керек эсинен кетпей турган, башкаларга да сабак боло турган.
0
zhazgul98
2021-04-07 13:50:15
Сүйлөшүп жүргөндө кош бойлуулукту токтотуу эрежесин кабыл алыш керек.
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан