Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты.
Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле алардын урматына куран окулду.
Андан кийин Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.