Чүй облусунун Покровка айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 10:49га карата жалпы 2 бөлүм тартылган. Турак үйдөн эмес дүкөндөн өрт чыкканы аныкталган.
"Покровка айылында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 11:34тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.