
NASA агенттиги 11-апрелде Марска тик учак учурууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул NASA агенттигинин биринчи аракет жасоосу. Биринчи рейстин трансляциясын социалдык тармактарда жана агенттиктин сайтында ишке киргизилгенден бир нече сааттан кийин көрө аласыз. Тик учак марсоход менен 18-февралда Жезеро кратерине жеткирилген. Марсоход учуулар учурунда жардам көрсөтүп, сүрөткө тартып, айлана-чөйрөдө болуп жаткан маалыматтарды чогултуп, тик учактын башкы миссиясы жердеги диспетчер менен байланышууга мүмкүнчүлүк берген базалык станцияны жайгаштырат.