Биз социалдык тармакта

"Ала качуу бул - салт эмес". Премьер-министр ала качуунун курмандыгы болгон 27 жаштагы кыздын кейиштүү окуясы тууралуу үн катты

Бишкек шаарында күч колдонуп 27 жаштагы кызды ала качып, кийин кыздын жана ала качууга шектүүнүн биринин жансыз денеси унаадан табылган үрөй учурган окуя тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирүү таратты.

"Никеге туруу максатында күч колдонуп ала качуу бул - мыйзам чегинде катуу жаза берилүүчү кылмыш. Бул адамдын укугуна каршы келе турган иш жана ага эч кандай актоо жок. Мен ата катары, эркек катары жана башкысы адам катары Айзаданын кейиштүү окуясын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул жалпыбыздын оор кайгыбыз болуп калды. Кыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул кылмышка күнөөкөрлөр адилеттүү жана катуу жаза алышат. Аялдардын укугун тебелеп-тепсегендерге бардыгыбыз чогуу күрөшкөндө гана каршылык көрсөтө алабыз. Ала качуу бул - салт эмес, бул мыйзам чегинде жоопко тартыла турган кылмыш. Биз муну бардык жарандарга жеткиришибиз керек", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ozgocho111
2021-04-08 06:37:51
Кыз ала качуудагы зоокурлук, жапайычылык боюнча дуйно жузуно таанымал болдук го чиркин..
+1
OMURBEK.
2021-04-08 09:50:17
Коопсуз шаар камераларды сотко бериш
керек камералар ушул кунго чейин штрав жазгандан башка 1 да кылмыштын бетин ача элек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан